Түрк басма сөзү 27.05.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2144477
Түрк басма сөзү 27.05.2024

«Йенишафак» гезити «Түрк Кызылайы Газа тилкесинде кайрадан ысык тамак тарата баштады» аттуу кабарында Түрк Кызылайы Израилдин Газанын Рефах шаарына карай кургактан операциясынан улам 6-майдан тарта токтотулган ысык тамак бөлүштүрүүнү Дейр Белах аймагындагы 10 миң кишилик ашканада кайрадан баштаганын жазган.

«Хабертүрк» гезити «Уралоглу: Жакынкы Чыгыштагы соода жолдору Түркия аркылуу Европа менен байланышат» аттуу маалыматында транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу, Литванын Клайпеда портунан баштап; Польша, Словакия, Венгрия, Румыния жана Болгариядан Түркияга кошула турган Via Carpathia автожолу менен Жакынкы Чыгыштагы соода жолдорунун Түркия аркылуу бүткүл Европага туташа турганын белгилеп, «Түркия катары Via Carpathia долбоорунун бир бөлүгү болууга жана ар түрдүү кызматташтыкка даярбыз»,-дегенин жазган.

«Стар» гезити «Сыноочулар Toggду макташты» аттуу кабарында Түркияда өндүрүлгөн ата мекендик Togg унаасына баа берген Германиянын алдыңкы автомобиль журналы Auto Bild улуттук сыймыгыбызды мактап жазганын билдирген. «Түрк Тесласы абдан жакшы» деген макалада Toggдун T10X модели көптөгөн чет элдик унаа маркалары менен салыштырылып, ички жана сырткы жасалгасына толук баа берилди.

«Сабах» гезити «Дүйнөнүн эң мыкты нандарынын тизмесинде Түркиянын бул шаары биринчи орунду алды» аттуу кабарында "Taste Atlas" компаниясынын бүткүл дүйнөлүк изилдөөсүнө ылайык, дүйнөдөгү эң мыкты нандардын аныкталганын жазган. Тизмеде Түркия Самсундан Бафра Пидеси биринчи, Самсун Пидеси экинчи орунду ээледи.

«Хүррийет» гезити «Галатасарай, Супер Лига чемпиону» аттуу кабарында Трендёл Супер Лигасынын 38-жумасында Галатасарай Коньяспорду 3-1 эсебинде жеңип 24-жолу чемпион болгонун билдирген. 102 упайга жеткен сары-кызыл команда лиганын тарыхында эң көп упайга ээ болгон чемпион команда болду.



Тектеш кабарлар