Түрк басма сөзү 12.12.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

628462
Түрк басма сөзү 12.12.2016

«Хүррийет» гезити «Террористтер эң оор түрдө жоопко тартылат» деген макаласында президент Режеп Тайип Эрдоган Стамбулдагы полиция кызматкерлерине карай террордук кол салууда жаракат алган полицияларды Хасеки билим берүү жана изилдөө ооруканасында көргөнү барганын жазган. Президент Эрдоган жаракат алгандардын абалынын жакшы экенин айтты. Кол салуудан 38 шейит, 155 киши жаракат алганын эске салган президент Эрдоган Түркиянын терроризмге каршы күрөшүүсүн аягына чейин уланта тургандарын баса белгилеп: «Булар эң оор түрдө жоопко тартылат»,-деди. Президент Эрдоган кол салууда колдонулган бомбанын түрү жөнүндөгү суроого болсо: «Бардык иликтөөлөрдү жүргүзүп жатышат, бул иликтөөлөр аяктагандан кийин бомбанын кайсы түрдөн экени боюнча кеңири маалымат берилет»,-деп айтты.

«Хабер түрк» гезити «Үч партиядан террорго каршы биргелешкен билдирүү» деген маалыматында Түркия Улуу Улуттук жыйынынын жалпы кеңешинде «Адилеттик жана өнүгүү» партиясы, Республикалык элдик партиясы жана «Улуттук кыймыл» партиясынын фракциялары, Стамбулдагы террордук кол салууга каршы биргелешкен билдирүүнү кабыл алгандарын жазган. Билдирүүдө: «Бул террордук кол салуу түрк улутунун биримдигине, ырааттуулугуна карай жасалган террордук кол салуу болуп саналат. Кайсы террордук уюм болсо да бул кол салууну ишке ашыргандар муну билип коюшсун; азиз улутубуздун биримдик жана ынтымагы бузулбайт, тескерисинче күчтөнөт. Бул билдирүүнү кабыл алган партиялардын франциялары катары улутубуздун ырааттуулугу үчүн террорго каршы күрөшүүдө коопсуздук күчтөрүбүздү аягына чейин колдойбуз»,-деп айтылды.

«Ватан» гезити «Полициябызды колдойбуз» деген маалыматында мыкаачы террордук уюм ПККнын Түркияны бөлүп-жаруу үчүн жардырган бомбалар, улутту дагы бир жолу бириктиргенин жазган. Стамбулдагы террордук кол салуудан кийин социалдык медиада полицияга колдоо көрсөтүү акциясы баштатылды. Социалдык тармакта колдонуучулар биригип #Полициябызды колдойбуз# хэштеги менен адамдарды полицияга колдоо көрсөтүүгө чакырышты. Чакырыктарда кол салууларга наалат айтылып: «Биздин ырааттуулугубуз, коопсуздугубуз жана келечегибиз үчүн жанын аябаган полициябызды ар дайым колдойбуз» деген билдирүүлөр твиттер аркылуу жарыяланды.

 «Йени шафак» гезити «Түркия террорго каршы бир жүрөк» деген макаласында Стамбулда 38 адам шейит болуп, 155 адам жаракат алган террордук кол салууга каршы өлкөнүн бир жүрөк, бир  муштумдай болгонун жазган. Саясат, медиа, иш дүйнөсү, бейөкмөт уюмдары, спорт жана искусство дүйнөсүнөн тилектештик чакырыктары айтылды. Террорго каршы бүткүл дүйнө жүзүнөн да Түркияга колдоо билдирүүлөрү келди.



Тектеш кабарлар