Түрк басма сөзү-3.11.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

603283
Түрк басма сөзү-3.11.2016

«Хүррийет» гезити «Түркия жана Африка,бир өңчөйлүккө каршы» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркия-Африка экономика жана ишкерлер форумунун ачылышында батыштык өлкөлөрдүн глобалдашууну бир өңчөйлүк менен түшүнгөнүн айтып, экономиканы өстүрүш үчүн жалгыз чыгуучу жолдун ИМФ жана Дүйнөлүк Банктын кредиттери менен жогорку пайыз болгону айтымдары бар экенин баса белгилегенин маалымдаган. «Чындыгында Түркия жана Африканын заманбап тарыхы ушундай бир системага каршы чыгуусунун, туруштук берүүснүн тарыхы»,-деп айткан президент Эрдоган: «Биз мындан 93 жыл мурда Боштондук соугушунда, сиздер дагы 1950-1960-жылдарда жүргүзгөн антиколониализм мезгилинин акырында өлкөлөрүбүздү чоң каршы чыгуу менен курдук. Биз эксплутацияланган өлкө болууну четке кактык. Биз экинчи класстагы адам болууну четке кактык. Биз жер жүзүнүн наалатталганы болбой турганыбызды бүткүл дүйнөгө жарыяладык. Африкалыктар кудум эле түркиялык туугандары сыяктуу эркиндиктерине камкордук же ырайым менен эмес, беделин төлөп, канын, жанын аябай, болгон күчүн жумшап жетишишти»,-деди.

«Ватан» гезити «Орусияда Сирия жана ДЕАШ саммити» аттуу маалыматында башкы штаб төрагасы , армия генералы Хулуси Акар менен Орусия Федерациясынын башкы штаб төрагасы, армия генералы Валерий Герасимовдун ортосунда кечээ Москвада болгон жолугушууда, Сириядагы капгылышуулардын чечилиши жана Халебдеги абалдын нормалдашуусу менен террор уюму ДЕАШтын коркунуч болуудан чыгарылып аймактагы коопсуздуктун эң кыска мөөнөттө кааланган деңгээлге жеткирилиши максатында эки өлкөнүн ортосундагы координациянын өнүктүрүлүп улантылышы темалары каралганын маалымдаган. Башкы штаб төрагалыгынан бул темага байланыштуу жарыяда жолугушуу жемиштүү өткөнү баса белгиленди.

«Хабер түрк» гезити "Автомобиль базарында октябрь айында рекордго жетишилди» аттуу маалыматында Түркия автомобиль жана жеңил соода унаалары жалпы базары 2015-жылдын алгачкы төрт айында андан мурдагы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 57,11 пайзыга өскөнүн маалымдалган. Унаа бөлүштүрүү бирикмесинин жазуу түрүндөгү жарыясында  Түркия автомобиль жана жалпы жеңил соода унаа базарында 2015-жылдын алгачкы төрт айында андан мурдагы жылдын төрт айына салыштырмалуу базалык таасири менен 57,11 пайыз өсүү көрсөтүп 264 миң 850 унаа сатылды жана бул сан 2011-жылдагы рекорддук сатуудан да жогору чыкты. 2014-жылдын алгачкы төрт айында жалпы сатуу базары 168 миң 577 деңгээлинде аткарылды.

«Сабах» гезити «Contemporaryге чоң кызыгуу» деген макаласында заманбап искусствонун эң мыкты үлгүлөрүн искусство сүйүүчүлөр менен жолугуштурган Стамбул жарманкеси Contemporary Стамбул конгресс борбору Лүтфү Кырдар эл аралык конгресс жана көргөзмө залында уюштурулганын  жазган. Кечээ атайын чакырылгандарына алдын ала көрсөтүүсүн кылган жарманкеге 10 миңден ашуун дүйнөнүн жана Түркиянын алдыңкы искусство сүйүүчүлөрү чубап келишти. Өткөн жылы 86 миң киши келген жарманкеге быйыл кызыгуу дагы көп болушу күтүлүүдө. 20 өлкөдөн 70 галерея жана 520 искусство чебери 1500дөн ашуун чыгарма менен катышкан Contemporary Стамбул 6-ноябрга дейре уланат.

«Йени шафак» гезити «Атактуу гольфчулар Антальяда жарышышат» аттуу маалыматында дүйнө жүзүнүн эң мыкты гольф оюнчулары Түрк аба жолдорунун демөөрчүлүгүндө аткарылган «Turkish Airlines Open 2016» үчүн Антальяга келишкенин жазган. Бүгүн башталып 6-ноябрга чейин улана турган турнирде 78 гольфчу 7 миллион доллардык сыйлык үчүн катуу жарышышат.



Тектеш кабарлар