Түрк басма сөзү-27.10.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

598523
Түрк басма сөзү-27.10.2016

«Йени шафак» гезити «Эрдоган эки жаңы операция белгисин берди: Мүнбич жана Африн тазаланат» аттуу маалыматында Президенттик комплексинде Айыл өкмөт башчыларынын 29-жыйналышында сөз сүйлөгөн президент Режеп Таййип Эрдогандын Сирияда түзүлүүгө аракет кылынып жаткан ар бир террор аймагынын Түркияга түздөн-түз коркунучу болгонун белгилеп: «Мүнбичти ПЙД террор уюмунан тазалоого чечкиндүүбүз. Ал жерден кетпеген учурунда биз чарасын көрөбүз» дегенин баяндаган. «Ефрат калканы» кыймылында мындан кийинки максаттын террор уюму ДЕАШтын колундагы Эл Баб экенин да белгитлеген Президент: «Килистен Кырыкханга чейин созулган (Африн) аймактан өлкөбүзгө карай болуп жаткан коркунучтарды жок кылыш үчүн керек болсо ал жерди да террор уюмдарынан тазалоону күн тартипке киргиздик. Учурда Сирияда түзүлүүгө аракет кылган ар бир террордук аймак бизге карай  түздөн-түз коркунуч болуп саналат. Мунун аты маа десе ДЕАШ болсун, маа десе ПЙД/ПКК болсун эч айырмасы жок. Түркиянын көз алдында булардын бардыгы тең баштары жанчылышы керек болгон террор уюмдары болуп салант»,-деп айтты.

«Ватан» гезити «Түрк агымы 3 жылда бүтөт» аттуу малыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрактын орус газынын Түркия аркылуу Европага жеткире турган «Түрк агымы» долбоорунун 3 жылда бүтө турганын айтканын жазган. Албайрак: «Долбоордун курулушу 2017-жылы башталып, долбоордун биринчи бөлүгү 2019-жылы аяктайт»,-деди. Түрк агымында биринчи түтүк жолунун Түркияга, экинчи түтүк жолунун да Түркия аркылуу Түштүк Европа базарына жана базарларына газ сатууга байланыштуу болоорун түшүндүргөн Албайрак, бул долбоордун Түркиянын жана аймактын карым-катнаштарына оң таасир тийгизе турганына көңүл бурду.

«Хабер түрк» гезити «Жаңы муундагы F-35 учагы курала баштады» атуу маалыматында Кале Хаважылык фирмасы 400 тетигин жасап чыгарып салымын кошкон Түркияга тапшырыла турган алгачкы жаңы муундагы согуштук учак F-35 АКШда курала баштаганын баяндаган. F-16 жана F-18 сыяктуу согуштук учактардан дагы төрт эсе таасирдүү болгон F-35 алдыдагы 40 жылдын чабуулчу учактары катары көрсөтүлүүдө. Радарга кармалбаган жаңы муундагы учактар Түркия арасында орун алган 9 өлкөнүн биргелешкен долбоору болуп саналат. Түркия 116 даана F-35 согуштук учакты заказ кылган долбоордун башка өнөктөштөрү болсо Австралия, Канада, Дания, Италия, Нидерландия, Норвегия, Англия жана Германия.

«Стар» гезити «Сооданы арттыра турган үчтүк механизм процесске кирди» аттуу маалыматында Түркия, Босния-Герцеговина жана Сербиянын Стамбулдагы биргелешкен соода кеңсеси ачылганын маалымдаган. Ачылыштан мурда Түркия-Сербия-Босния Герцеговина үчтүк соода комитетинин 3-чакырылыштагы жыйналышы менен Ишкердик форуму да өткөрүлдү. Жыйналышта сөз сүйлөгөн экономика министри Нихат Зейбекчи, үч өлкөнүн ортосунда президенттер, тышкы иштер министрлери, соода жана экономика министрлери деңгээлинде курулган ийгиликтүү механизм табылганын айтты.

«Хүррийет» гезити «Демиркубуздун фильми «Кор» үч сыйлыкка талапкер» аттуу маалыматында режиссер Зеки Демиркубуздун акыркы кино тасмасы «Кор» Азия Тынч океан фильм сыйлыктарынын (APSA) үч башка номинациясында сыйлык алыш үчүн жарыша турганын маалымдаган. Дүйнөлүк кино өндүрүшүнүн жарымы аткарылган Азия Тынч океан аймагында он жылдан бери берилген Азия Тынч океан фильм сыйлыктары үчүн быйыл 43 өлкөдөн 303 фильм алдын ала тандоого катышты. Сыйлык тапшыруу аземи 24-ноябрда Австралиянын Брисбен шаарында боло турган APSAда режиссер Демиркубуз «Кор» тамасы менен эң мыкты тасма жана эң мыкты режиссер номинацияларында, тасманын оюнчусу Аслыхан Гүрбүз болсо эң мыкты аял оюнчу номинациясына талапкер көрсөтүлдү.

 

     

 



Тектеш кабарлар