Түрк басма сөзү 24.10.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

595707
Түрк басма сөзү 24.10.2016

«Сабах» гезити «Досум Путиндин колдоосу маанилүү» деген макаласында президент Режеп Тайип Эрдогандын орус расмий каналы Россия-1де Михаиль Гусман алып барган «Формула власти» аттуу программага конок болгонун жазган. Жакынкы Чыгыштагы террроризм менен күрөшүү процессине токтолгон президент Эрдоган: «Бул аймакта террорго каршы бирегелеше күрөшүүдө урматтуу досум Путиндин колдоосуна муктаждыгым бар. Ушул тармакта Орусия менен кызматташуубуз үчүн биз керектүү кадамдарды таштоого даярбыз»,- деп айтты. ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетине да токтолгон Эрдоган: «Бул окуялар убагында экинчи күн Путин мага телефон чалды. Сүйлөшүүдө төңкөрүшкө каршы экендиктерин жана биздин тарапта болгондорун баса белгиледи. Жеке өзүм жана түрк элинин атынан бул принциптүү мамилесинен улам ыраазычылык билдиремин»,-деди.

«Хабер» түрк гезити «Мосулга кургактан алгачкы колдоо: Түрк куралдуу күчтөрү бомбалады Башика тазаланды» деген маалыматында Иракта террордук уюм ДЕАШты жок кылуу үчүн АКШ, Ирак күчтөрү, Ирактын күрт аймактык башкаруучулугуна караштуу пешмерге жана коалиция күчтөрү тарабынан баштатылган Мосул кыймылынын 7чи күнүндө пешмергенин кыймылга өткөнүн жазган. Кечээ эртең менен пешмерге күчтөрү Башика кыштагы жана Неваранды куткаруу үчүн операция жүргүздү. Имам Рыза айылында катуу кагылышуулар болду. Түрк аскерлери орун алган базага жакын жерде болгон кагылышуулардан кийин пешмерге күчтөрү Башиканын ДЕАШтан тазалангандыгын жана көзөмөлгө алынганын билдирди.

«Хүррийет» гезити «Тайманбастыгыңызга урмат-сый менен таазим кылам» деген макаласында бүгүн Анкарада өткөрө турган жолугушууларынын алдында маалымат берген Франциянын тышкы иштер министри Жан-Марк Айро, Анкарада түрк демократиясынын символу болгон Түркия Улуу Улуттук Жыйынына барып, 15-июлдагы төңкөрүш аракетин токтотуу жана демократияны коргоп калуу үчүн күрөшкөн түрк элинин тайманбастыгына болгон баа берүүсүн билдире турганын айтты. 15-июлдун толук шок таасирин жаратканын белгилеген тышкы иштер министр, төңкөрүш аракетинин кылмышкерлеринин жоопко тартылуулары үчүн Түркиянын таштаган кадамдары түшүнүктүү болуп турганын баса белгиледи.

«Йени шафак» гезити «Жогорку нарктуу жарманке» деген маалыматында Экономика министрлиги менен Түркиянын экспортчулар ассамблеясынын кызматташуусунда, долбоорлоо күчү аркылуу жогорку нарктуу экспортту арттыруу жана Стамбулдун дүйнөлүк дизайндын борборлорунан бири болуусун камсыздоо максатында быйыл биринчиси өткөрүлгөн Түркия дизайн жумалагы чоң кызыгуу тартканын билдирген. Стамбулдагы Лүтфи Кырдар атындагы Эл аралык конгресс жана көргөзмө борборунда 19-23-октябрь күндөрүнүн аралыгында өткөрүлгөн иш-чарага чет элдик көптөгөн ысым да катышса конференциялар, көргөзмө-жарманкелер, изилдеп-өнүктүрүү жана инновацияга багытталган долбоорлоолор менен кечелечекке да жарык чачты.



Тектеш кабарлар