Түрк басма сөзү 18.04.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

473168
Түрк басма сөзү 18.04.2016

«Стар» гезити «Парламентте орчундуу жараян башталат» деген макаласында парламентте күтүлгөн кол тийбестик документине байланыштуу эң маанилүү кадам ушул жумада таштала турганын жазган. «Адилеттик жана өнүгүү» партиясынын кол тийбестик документи сотко жөнөтүлүп эл өкүлдөрүнүн кол тийбестигин алып салуу мүмкүнчүлүгүн бере турган конституцияны өзгөртүү сунушу ушул жумада Түркия Улуу Улуттук жыйынынын Констиция комиссиясында каралат. Сунуштун Жалпы кеңештеги сүйлөшүүлөрүнүн да алдыбыздагы жумада өткөрүлүшү пландалууда. Бул сунуштун астында АК партиянын 316 эл өкүлүнүн кол тамгасы бар.

«Йени шафак» гезити «Жергиликтүү CERN аяктап калды» деген маалыматында Европа атомдук изилдөөлөр борборундагы (CERN) сыяктуу бөлүкчө ылдамдатуучулар менен изилдөө жүргүзүлө турган «Түрк ылдамдатуучу борбору» долбоорунун акыркы баскычына өткөнүн билдирген. Жергиликтүү CERN долбоору болгон «Түрк ылдамдатуучу борбору» тууралуу маалымат берген долбоордун негиздөөчүсү проф. Өмер Яваш иш-чаралар аяктап калганын билдирди. Өмер Яваш бул борбордо майда бөлүкчөлөр физикасы жана ядролук физика менен катар көптөгөн тармакта өнүккөн технологиялар менен изилдөө жүргүзүлө турганын айтты.

«Хабер түрк» гезити «АКШ бул түрктөн сөз кылууда» деген макаласында 32 жаштагы түрк илимпоз др. Жанан Дагдевиренге дүйнөнүн эң маанилүү илимий борборлорунан Массачусетс технология институтунан профессорлук сунушу айтылганын жазган. Өзү кайрылбаганына карабастан айтылган сунушту кабыл алган др. Дагдевирен январь айында ушул наам менен кызматын баштай турганын сөз кылды. Гарвард университетинин жаш академик мүчөлүгүнө дайындалган алгачкы түрк илимпоз болгон др. Дагдевирен, «MIT Technology Review» журналынын өткөн жылы жарыялаган «35 жашка чейинки 35 жаңылоочу» жана «Форбес» журналынын «30 жашка чейинки 30 илимпоз» тизмесинде да орун алган.

«Сабах» гезити «Осмон империясы жана Республика мезгилиндеги эски буюмдар чоң кызыгуу жаратууда» деген маалыматында Осмон империясы жана Республика мезгилине таандык кымбат баалуу буюмдардын Стамбулда өткөрүлгөн аукцион аркылуу сатылганын билдирген. Аукционго тарыхый эмгектерге кызыккан көптөгөн жергиликтүү жана чет элдик жарандар катышты. Анда Топкапы сарайы үчүн атайын жасалган буюмдар чоң кызыгуу жаратса, кол жазма Кураны Керим 180 миң түрк лирасына сатылып, аукциондун эң кымбат баага сатылган буюму болду. Осмон падышаларынан 2-Махмуттун Берати-Шерифи 12 миң лирага сатылса, Султан 3-Мустафанын жарлыгы 5 миң лирага сатылды.

«Хүррийет» гезити «Стамбулда теннис боюнча мелдештер башталууда» деген маалыматында жалпы 226 миң 750 доллар сыйлыктуу айымдар арасында теннис боюнча эл аралык турнирдин бүгүн баштала турганын билдирген. Мелдештер 24-апрель жекшемби күнү ойлоно турган финал оюндары менен аяктайт. Ал эми эркектер арасындагы теннис турнири 25-апрель дүйшөмбү күнү башталып, 1-май жекшемби күнү финал оюндары менен аяктайт.



Тектеш кабарлар