Түрк басма сөзү-24.11.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

368341
Түрк басма сөзү-24.11.2015

«Акит» гезити «Эрдоган Европа Биримдигин чөгөлөттү» аттуу маалыматында «Файненшл таймс» гезити баш калкаолоочу кризисине чара табууну издеген ЕБнин президент Режеп Таййип Эрдоганга «моюн сунганын» жазганын баяндаган.
Гезит Британиянын престиждүү гезиттеринен Файненшл Таймстын «Глобалдык көз караш» бурчунда Брюссель кабарчысы Алекс Баркер жазган макалада, «Баш калкалоочу маселеси бардыгынын алдына өттү» дегенин белгилеген. Гезитке репортаж берген ЕБнин мурдагы Түркия элчиси Марк Пьерининин жекшемби күнкү Түркия-Европа Биримдиги жыйналышы убагында кол коюлушу күтүлгөн келишимге байланыштуу түрдө, «бул келишим саясий дүрбөлөңдүн чыгармасы.Эрдоганга чөгөлөп бардык. Ал болсо эми биз менен оюн ойноп жатат» деген серебин салганын маалымдаган.
«Стар» гезити «Рейхандык жан алгыч түркмөн тоосунда» аттуу маалыматында Орусиянын колдоосу менен Байырбужак түркмөндөрүнө оор куралдар менен кол салган диктатор Асад, расмий бөлүктөрүн колдонгонун айтса дагы куралдуу топтордун чоң бөлүгү Сирия, Ирак жана ооганстандык террористтерден турганын жазган.
Гезит Башар Асаддын Байырбыужак түркмөндөрүн өлтүрүү үчүн жиберген мыкаачылардын армиясынын башында Рейхзанлыда 52 жараныбызды кыргынга учураткан бомбалуу кол салуунун пландоочусу, «Сыртлан» деген каймана аты бар террорист Михрач Урал турганын маалымдаган. Ал социалдык медиа барактарынан түркмөндөргө карай уюшулган кол салуулардын фотосүрөттөрүн жана маалыматтарын бөлүшүп, террористтерди башкарганын мактануу менен сөз кылган.
«Ватан» гезити «2 жолу шайлоо болсо дагы турак жай сатылуусу рекордго жетишти» аттуу маалыматында үстүбүздөгү жылдын экинчи жарымында 7-июнда жана 1-ноябрда шайлоо өткөндүктөн саясий белгисиздикке карабастан турак жай сатуулары, автомобиль сатуулары сыяктуу рекордго жетишкенин баяндаган.
Гезит автомобиль сатууларынын быйыл 970 миңге жетип бүткүл убактардын рекордуна жетишүүсү күтүлүп жатканда, турак жай сатууларынын да тарыхый рекордго жетүү максаты болгонун баяндаган. Анда октябрь айында 1 миллиондон ашкан турак жай сатууларында жылдын акырына чейин 1,2 миллион менен тарыхый ийгилик күтүлүп жатканы орун алган.
«Хабер түрк» гезитинде жарык көргөн «Нигдеде туз изделип жатканда мунай зат табылды» аттуу макалада өткөн күндөрдө Сомада орто эсеп менен 3,5 миллиард доллар наркындагы таза алтын резерви табылганын жарыялаган энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Али Рыза Алабоюндун бул ирет Нигдеден мунай зат сүйүнчүсүн бергени орун алган.
Гезит министр Алабоюн: «Нигденин Бадак аймагында Кен табуу жана изилдөө мекемесинин бургулоосу менен туз издеп жатканда мунай зат чыкты. Атырылып чыкты. Изилдөө жасаттык.Ал жердеги мунай заттын негизги резерв эместиги, башка жерден агып келгени айтылууда»-дегенин берген.
«Хүррийет» гезити «7 тонналык саркофаг музейге көчүрүлдү» аттуу маалыматында Изникте өткөн аптада зайтун ишканасында табылган жана мындан мурда мыйзамсыз кен издөөчүлөр тарабынан капкагы сындырылып талоонго алынганы белгиленген б.з.ч I кылымда Рим дооруна таандык саркофаг таш, кечээ табылган талаадан чыгарылып музейдин бакчасына көчүрүлүп келгенин маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар