Түрк басма сөзү-17.11.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

418347
Түрк басма сөзү-17.11.2015

«Стар» гезити «Анталья декларациясы Чоң жыйырмалыктын келечегин белгилейт» аттуу макаласында Түркиянын Чоң жыйырмалыктын кезектешкен төрагалыгын ийгиликтүү өткөргөнүн белгилеген президент Режеп Таййип Эрдоган, Анталья Саммитинин жыйынтыгынын Чоң жыйырмалыктын келечектеги иш тартибин формаландыра турган маанилүү документ болгонун баса белгиледи. Эрдоган Чоң жыйырмалыктын байлардын клубу болбогонун белгиледи. Чоң жыйырмалыктын жыйынтык декларациясында экономикаларынын өсүүсүн чоңойтуу, жумуш менен камсыздоону шыктандыруу, туруктуулук жана өнүгүүнү шыктандыруу үчүн чогуу кыймыл кылуу чечимин баса белгиледи. Декларацияда айрыкча Түркияга Чоң жыйырмалыктын төрагалыгы үчүн жана ийгиликтүү Анталья саммитин өткөргөнү үчүн ырахмат айтылды.
«Йени шафак» гезити «Түркия эки жолу эскертти» аттуу маалыматында Түркия Париж кол салгычтарынан Өмер Исмаил Мустафанын 2013-жылы Түркияга киргенин, бирок Түркиядан чыккандыгына байланыштуу катоо болбогонун баяндаган. Расмий булактардан алынган маалыматка караганда француз өкмөтү 2014-жылдын 22-октябрында түрк органдарынан 4 террор шектүүсү туурасында маалымат талап кылды. Француз органдары тарабынан изилденбеген Өмер Исмаил Мустафанын тийиштүү 4 шектүү менен бирге кыймыл кылганы белгилүү болгонунан бул темада Францияга 2014-жылдын декабрь жана 2015-жылдын июнь айларында жазуу жиберилди. А бирок Түркия, француз кызматкерлеринен бул маалымат бөлүшүү боюнча жооп ала алган жок. Франция, Түркиянын өз мүмкүнчүлүктөрү менен белгилеген Өмер Исмаил Мустафа туурасында кол салуулардан кийин маалымат талап кылды.
«Хүррийет» гезити «Жихатчы Жон ушундай атылды: МИТ билдирди АКШ атты» аттуу маалыматында ДЕАШтын мыкаачысы «Жихатчы Жондун жардамчысы Айни Лесли Юниор Дэвис, Сириядан чыга электе эле улуттук чалгындоо тарабынан байкоого алына баштаганын жазган.
Ракка шаарынан Килис жана Газиантеп аркылуу Стамбулга келген Дэвис, бардык байланыштары белгиленгенден кийин Европага өтөөр алдында кармалды. МИТ «Жихатчы Жон» деп аталган ДЕАШтын мыкаачысы Мухаммед Эмвазинин Раккада табылган координаттарын белгиледи жана CIA менен бөлүштү. Ушул чалгындоо боюнча АКШ «Жихатчы Жонду» Раккада асмандан атты.
«Сабах» гезити «Орусия Чоң жыйырмалыкта «Түрк агымы» белгисин берди» аттуу маалыматында президент Эрдоган жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин Чоң жыйырмалыктагы эки тараптуу жолугушуусунан «Түрк агымы» үчүн да «улансын» деген чечим чыкканын белгилеген.
Анда эки тараптуу жолугушууга баа берген Орус энергетика министри Новак: «Жакында кол коюлат. Жаңы өкмөт курулаар замат Түркиянын жаңы энергетика министри менен Түрк агымынын аткарылышы үчүн иштерди улантабыз»-дегени орун алды.
«Ватан» гезити «Лейла Эжеден ажырап калдык» деген маалыматында Түркияга кабар репортажын үйрөткөн дасыккан журналист Лейла Умардын дүйнөдөн катйканын баяндаган. Фидель Кастро, Нельсон Мандела, Патриарх Варфоломей, Иди Амин, Ясир Арафат сыяктуу лидерлердин, Кирк Дуглас, Лиза Минелли сыяктуу искусство жамаатынын атактууларына, ар бир мезгилге таасирин көрсөткөн репортаждарга кол койгон атактуу журналист Лейла Умар, 87 жашында арабыздан ажырады. Умар, чет өлкөдө да таанылчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар