Түркия басма сөзү-16.07.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

381330
Түркия басма сөзү-16.07.2015

«Стар» гезити «Майрам толкундануусу» аттуу макаласында Түркиянын ар тарабында майрам толкундануусу болуп жатканын жазган.
Гезит Рамазан айынын бүтөөрүнө 1 күн калганда туугандарына баруу үчүн саякаттар күчөгөнүн маалымдады. Анда Орозо айт майрамында жакындары менен жолуккусу келгендер аба, деңиз жана автожолдорду жандантканы, абадан тик учарлар менен транспортту текшерүүлөр күчөтүлгөнү, транспорт тыгыздыгы майрам бүткүчөктү уланаары, миллиондогон кишилер эртең майрам маанайы менен ойгонушаары орун алды.
«Йени шафак» гезити «Президенттик комплекстин китепканасында максат 5 миллион китепке жетүү» аттуу макаласында Президенттик комплексти таанытуу саякатынын экинчи турунда президент медиа мүчөлөрүн тосуп алганын жазган.
Гезит президент Эрдоган медиа мүчөлөрүнө китепкананы кыдыртканын билдирди. Анда китепкана кол жазмасы тарыхый чыгармалары менен да көңүл бурганы, кол жазмасы китептери өзгөчө кооздоо, каллигарфия жана миниатюра искусстволору менен сыйкырлаганы, комплекстин китепканасында 5 жүз миңге жакын китеп болгону, максат 5 миллион китепке жетүү экендиги маалымдалган.
«Хүррийет» гезитинде жарык көргөн «Түркияда жумушсуздук азайууда» аттуу макалада жумушсуздук премьер-министр Ахмет Давутоглунун 120 миң жаңы жумуш орунун камсыздай турганын жарыялаган шыктандыруу пакетинин колдоосу менен 2014-жылдын июль айынан бери 9,6 пайыз болуп бир орундуу санга түшкөнү белгиленген.
Гезит жумушсуздуктун азайышында Давутоглу жарыялаган жумуш менен камсыздоо жана шыктандыруу пакети менен катар кызмат секторундагы ылдам жумуш менен камсыздоонун өсүшү жана өнөр жай секторундагы калыбына келүү таасирдүү болгонун маалымдаган.
«Хабер түрк» гезити «Иш дүйнөсү Иранга барат» деген маалыматында Иранга коюлган эмбаргонун жоюлушу боюнча чечим иш дүйнөсүн токундантканын жазган.
Гезит инвесторлорго караганда Түркияда туризм жана аба жолу транспортуна талап көбөйөөрүн, 30 марка 1-сентябрда Иранга бара турганын, максат Иранда 3 жылдын ичинде 500 дүкөн ачуу болгонун, пластмасс индустриясы 46 миллион тонналык чийки зат булагы менен алектенээрин жана темир болот өндүрүшчүлөрү болсо жаңы базарларга ачылаарын маалымдаган.
«Сабах» гезити «Аданада инжилди түшүндүргөн мозаика» аттуу маалыматында Адананын Сарычам районунда жеке бир мүлктө казуу жасалып Исанын төрөлүшүнөн кийин 5-кылымда Чыгыш Рим дооруна таандык 120 чарчы метрдик жаңы мозаикага жетилгенин жазган.
Гезит бетинде 16 жаныбардын сүрөтү тартылган мозаикада грекче жазылган текст которулуп, анда инжилде айбанаттардын бири-бири менен болгон жакындыктары түшүндүрүлгөн бөлүмүн камтыганын маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар