Түрк басма сөзү-23.06.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

315272
Түрк басма сөзү-23.06.2015

«Йени шафак» гезити «Боснияда жакшылык дасторкону жайылды» аттуу маалыматында Түркиянын дин иштери фонду Рамазан айы бою 68 өлкөдө 400 дасторкон жая турганын маалымдаган.
Гезит фонддун дүйнөнүн ар башка аймактарында муктаж болгон кишилерге азык-түлүк кутуларын таркатаарын, ушул максат менен жолго чыккан фонддун акыркы аялдамасы Боснияда жайылган ооз ачуу дастарконунда жүздөгөн мусулман чогуу ооз ачканын, фонддун урааны болсо «Бул Рамазанда жана ар дайым, убакыт жакшылык кылуунун убагы» деп белгиленгенин жазган. Анда фонддун бул Рамазанда жана ар бир Рамазанда дүйнөнүн ар тарабында муктаж болгондорго жардамдарын улантаары белгиленген.
«Стар» гезити «Кападокия сыйкырдуу дүйнөнүн далили» деген маалыматында жар парашюту боюнча спортчулар Сербиядан Питер Лончар, Болгариядан Весо Овчаров жана Чех Республикасынан Андрей Прохазка болуп Пери морлору жана шар турлары менен атактуу Кападокияда туристтердин баш тартылгыс көңүл ачууларынан ысык аба шарларын рекорддук сыноо үчүн колдонгонун белгилеген.
Гезит шар менен 3500 метрге көтөрүлгөн жана жар парашюту менен секирген спортчулар, 126 жолу айланып «үчтүк чексиз айлануу» номинациясында рекордго жетишкендерин маалымдады. Анда Лончардын, «Күнүгө 150 шар жана 2500 киши бул аймакта көк асманда, биз да алардын арасында тарыхка өттүк, Кападокия дүйнөдө дагы эле сыйкырдуу нерселер бар экенин далилдеп турат»-дегени орун алган.
«Хабер түрк» гезитинде жарык көргөн «Голливуд жылдыздары Кападокияда» аттуу макалада туризм бейиши Кападокияда Гера Хильмар, Мишель Хюсман, Жош Хартнетт жана Халук Билгинер роль алган «The Mountains and The Stones» аттуу Голливуддун кино тасмасы тартылып жатканын жазган.
Гезит кино Биринчи Дүйнөлүк согуш жылдарында идеалист бир америкалык мээрман айым менен түрк офицеринин ортосунда болгон сүйүүнү чагылдырат жана кинонун башкы ролдогу оюнчуларынан Мишель Хюсман «Game of Thrones» сериялы менен таанымал экенин, Гера Хильмар болсо мындан мурда «Анна Каренина» жана «Да Винчинин алмаздары» аттуу кинодо ойногонун маалымдаган.
«Сабах» гезити «Түрк скрипач-виртуоз рекордго жетишти» деген маалыматында скрипач-виртуоз Мухаммет Йылдырыр атактуу орус композитору Корсаковдун скрипка менен чертилиши эң татаал чыгармалардан бири болгон «Жапайы аарылардын учушу» аттуу чыгармасын 37 мүнөт 84 секундда чертип дүйнө рекордуна жетишкенин жазган. Анда Йылдырырдын дүйнөнүн эң ылдам скрипач-виртуозу наамы менен «Гиннес» рекорддор китебине киргени белгиленген.
«Ватан» гезити «Учкучсуз аба унаасынан куткаруучу баллон ыргытылат» деген маалыматында Самсунда атайын бир фирма тарабынан өнүктүрүлгөн кичине учкучсуз абада учуучу унаа аркылуу чөгүү коркунучундагы кишилерге абадан куткаруучу баллон ыргытылаарын жазып чыккан. Анда бул система кичине учкучсуз абада учуучу унаалар менен иштээри жана чөгүү коркунучу болгондо процесске кире турган системанын адамды абадан байкап куткаруучу баллон ыргыта алаары жана унаа бир учканда 3 баллон ташый алаары маалымдалган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар