Түрк басма сөзү 14. 03. 2015

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

263408
Түрк басма сөзү 14. 03. 2015

«Сабах» гезити «Чыныгы альтернатив демократиялык Сирия» деген маалыматында премьер – министр Ахмет Давутоглу Башар Асад режимине каршы Сирияда башталган протесттердин 4 - жылында Сирия Улуттук Коалициясын жана Убактылуу Өкмөттүн өкүлдөрү менен Анкарада жолугушканын билдирген. Сирия Улуттук Коалиция жана Убактылуу Өкмөт өкүлдөрүнө кайрылган Давтуоглу буларды айтты : «Эгерде Сирияда демократия түзүлө турган болсо, мындан бир гана Сирия калкы эле эмес, бардык Жакынкы Чыгыш калктары өздөрүнө жаңы бир багыт сызат. Сиздердин ийгилигиңиздер бир гана Сириянын ийгилиги болбойт».
«Хабер түрк» гезити «Европа Биримдигине шок» деген маалыматында Исландия 6 жыл мурда кылгандай Европа Биримдигине мүчөлүк кайрылуусун кайра алганын билдирген. Исландиянын тышкы иштер министри Гуннар Свеинссон өкмөттүн бул чечимин Европа Биримдигинин кезектешкен башкаруучусу Ринкевичке бир кат жазып расмийлештиргенин жазган.
«Стар» гезити «Коңшудан биринчи жолу бир түрк ооруканасына сыйлык» деген маалыматында Грецияда Түркиядан бир ооруканага биринчи жолу сыйлык берилгенин билдирген.
«Миллийет» гезити «Африканын алмазы Түркияда кесилет» деген маалыматында Стамбул баалуу таштар жарманкесинде Түштүк Африканын Norhern Cape аймагынын финансы, экономикалык жана туризм министри Жон Блок жана Норайр Ишлер тарабынан кол коюлган кызматташтыктын негизинде Northern Cape аймагындагы Кимберли алмаз чыгаруучу кенинен чыгарылган алмаздар Стамбулда ачыла турган алмаз кесүү ательесинде иштетилет.
«Хүррийет» гезити «Сокпогон жүрөк» деген маалыматында австралиялык бир инженердин эмгеги миллиондогон жүрөк оорулуусу үчүн үмүт болушу мүмкүн экенин билдирген. Койго жасалган клиникалык сыноолор ийгиликтүү болду жана 2018 - жылы адамдарга да жасала баштайт. Даниэль Tиммс чыгарган аппарат азыркы учурда колдонулган жасалма жүрөктөрдөн дагы ыңгайлуу. Бивакор деп аталган аппарат башка жасалма жүрөктөр сыяктуу кийилбейт, 10 жылдай узун убакыт колдонула алат жана бир минутада 2 миң жолу айланып бүт денеге кан жүгүртө алат.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар