Кайрадан "тарыхый" ийгилик...

Бириккен Араб Эмирликтеринин борбору Абу-Дабидеги мелдештин акыркы күнүндө аялдар арасында +78 килограмм салмакта эки улуттук спортчу татамиге чыгышты.

2143583
Кайрадан "тарыхый" ийгилик...

Дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кайра Өздемирдин "тарыхый" ийгилиги...

Кайра Өздемир дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугунда +78 кг салмакта күмүш медалга ээ болуп, Түркияга бул мелдештин тарыхындагы эң чоң ийгиликти тартуулады.

Бириккен Араб Эмирликтеринин борбору Абу-Дабидеги мелдештин акыркы күнүндө аялдар арасында +78 килограмм салмакта эки улуттук спортчу татамиге чыгышты.

Кайра Өздемир дүйнөлүк чемпионаттардын тарыхында финалга чыккан биринчи улуттук аял дзюдочу болду.

Кайра финалда япониялык Вакаба Томита менен кез келди.

Атаандашына утулуп калган Кайра күмүш медаль тагынды.

Ушул эле категорияда Хилал Өзтүрк кытайлык Шиян Сюну жеңип коло медалга ээ болду.



Тектеш кабарлар