EURO 2024 толкундануусу ТРТ экрандарында башталды...

14-июлда Берлин олимпиадалык стадионунда боло турган финалга чыгуу үчүн 24 өлкөнүн улуттук курамалары ат салышкан чемпионатка футбол күйөрмандары чоң кызыгуу көрсөтүүдө.

2152842
EURO 2024 толкундануусу ТРТ экрандарында башталды...

EURO 2024 толкундануусу ТРТ экрандарында башталды...

Улуттук команда деңгээлиндеги Европанын эң маанилүү футболдук иш-чарасы болгон турнир бүгүн Мюнхен Футбол Аренада өтө турган Германия-Шотландия беттеши менен башталат.

14-июлда Берлин олимпиадалык стадионунда боло турган финалга чыгуу үчүн 24 өлкөнүн улуттук курамалары ат салышкан чемпионатка футбол күйөрмандары чоң кызыгуу көрсөтүүдө.

ЕВРО 2024 өткөрүлө турчу 10 шаардын бири Мюнхен эртең ойноло турган Германия-Шотландия беттешинин алдында шотландиялык күйөрмандарга толуп кетти.

Көптөгөн шотландиялык футбол күйөрмандары Мюнхендин символикалуу жерлеринин бири Мариенплацта жана анын айланасында чогулуп, футболкалары жана желектери менен көңүл ачышты.

Футбол күйөрмандары жергиликтүү аспаптардын коштоосунда гимндерди ырдап, "Килт" деп аталган юбкалар жана шотландиялык эркектер кийген түрдүү кийимдер менен көркөмдүү көрүнүштөрдү жаратышты.



Тектеш кабарлар