Түркия - Доминикан беттеши ТРТда...

Матч Түркия убактысы боюнча саат 15.30да башталат жана TRT SPOR каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

2152415
Түркия - Доминикан беттеши ТРТда...

Түркия - Доминикан беттеши TRT SPOR каналында...

Түркиянын волейбол боюнча А улуттук кыздар командасы Гонконгдо өткөрүлгөн FIVB Волейбол Улуттар Лигасынын 3-жумасынын экинчи оюнунда бүгүн Доминикан Республикасы менен беттешет.

Гонконг Колизейде ойноло турган матч Түркия убактысы боюнча саат 15.30да башталат жана TRT SPOR каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

Ай жылдыздуу команда Гонконгдогу биринчи беттешинде Таиландды 3:0 эсебинде утуп, катары менен 6-жеңишине жетишти.

"Тордун султандары" иш-чарада буга чейин ойногон 9 беттеште болсо 7 жеңишке жетишкен.

Улуттук команда 3 жуманын жыйынтыгында мыкты 8ге кирсе финалга катышуу укугуна ээ болот.

Ай жылдыздуулардын VNL (UTC) үчүнчү жана акыркы жумадагы матчтарынын графиги:

Бейшемби, 13-июнь:

15.30 Доминикан Республикасы -Түркия

Ишемби, 15-июнь:

15.30 Кытай-Түркия

Жекшемби, 16-июнь:

12.00 Түркия- Бразилия



Тектеш кабарлар