Түркиялык жаш теннисчинин ийгилиги

21 жаштагы Сөнмез биринчи беттешинде кытайлык теннисчи Ю Сяодини 7-5 жана 6-2 эсебинде эки сетте утуп, серб теннисчиси Ольга Даниловичтин атаандашы болду.

2087509
Түркиялык жаш теннисчинин ийгилиги

Түркиялык теннисчи Зейнеп Сөнмез карьерасында биринчи жолу таймашка чыккан Australian Open тандоо турунда эки беттешти жеңип, финалдык турга өттү.

21 жаштагы Сөнмез биринчи беттешинде кытайлык теннисчи Ю Сяодини 7-5 жана 6-2 эсебинде эки сетте утуп, серб теннисчиси Ольга Даниловичтин атаандашы болду.

Дүйнөнүн 93 номери Даниловичке каршы мыкты ойногон Сөнмез атаандашын үч сетте 4-6, 6-1, 6-1 эсебинде жеңди.

Сөнмездин Австралия ачык чемпионатынын негизги оюнуна өтө алуусу үчүн кийинки атаандашы швейцариялык Лулу Сан.

Беттеш жума күнү эртең менен саат 04.35те (Түркия убактысы боюнча) башталат.



Тектеш кабарлар