Галатасарайдын Бавария Мюнхен менен беттешин италиялык калыс башкарат

Бул тууралуу УЕФАнын билдирүүсүндө орун алды.

2054202
Галатасарайдын Бавария Мюнхен менен беттешин италиялык калыс башкарат

УЕФА Чемпиондор лигасынын А тайпасынын үчүнчү жумасында Галатасарайдын Германия өкүлү Бавария Мюнхен менен беттешин италиялык калыс Давиде Масса башкарат.

УЕФАнын билдирүүсүнө караганда, Европа футболунун клуб деңгээлиндеги эң маанилүү турниринде 24-октябрь шейшемби күнү ойноло турган беттеште Массанын жардамчылары Филиппо Мели менен Стефано Алассио болот.

Беттештин төртүнчү калысы Даниэле Чиффи болот.



Тектеш кабарлар