Улуттук сүзүүчүлөр 3 медалга татыктуу болду

Улуттук сүзүүчүлр Кипр рум бөлүгүндө уюштурулган Комен Жер Ортолук деңиз кубогунун акырыкы күнүндө 1 күмүш, 2 коло медалга жетишти.

2153607
Улуттук сүзүүчүлөр 3 медалга татыктуу болду

Улуттук сүзүүчүлөр Кипр рум бөлүгүндө уюштурулган Комен Жер Ортолук деңиз кубогунун акырыкы күнүндө 1 күмүш, 2 коло медалга жетишти. 

Сууда сүзүү федерациясынын билдирүүсүнө караганда Лимассолдо уюштурулган жарышта улуттук спортчу Ахмет Мете Бойлу 200 метрге эркин стилде эркектер категориясында 1,52,13 көрсөткүч менен күмүш медалга ээ болду.

Чемпионатта Демир Өздемир, Кырхан Йылмаз, Жемре Чимен жана Берен Башарандан турган 4х50 метрлик эркин стилдеги эстафета командасы 1,39,85 көрсөткүч менен коло медалга ээ болду.

200 метрге баттерфляй түрү боюнча эркектер категориясында улуттук спортчулардан Дагхан Йылмаз 2.04.94 көрсөткүчү менен подиумдун үчүнчү тепкичинде орун алды.

.



Тектеш кабарлар