Фенербахче Алагөздүн ийгилиги...

Фенербахче Алагөз Холдинг беттешти 106-57 эсебинде утуп алды.

2049782
Фенербахче Алагөздүн ийгилиги...

Түркиянын өкүлү Фенербахче Алагөз Холдинг, кыз-келиндер арасындагы Европа Лигасынын А тайпасындагы экинчи жума беттешинде Франциянын LDLC ASVEL Feminin командасын 49 упай айырма менен 106-57 эсебинде жеңди.

Metro Enerji залында ойнолгон матчты сары-кочкул көк түстөгү команда биринчи чейректи 31-9 артыкчылык менен аяктап, 49-36 артыкчылык менен чечинүүчү бөлмөгө жөнөп кетти.

Үчүнчү чейректи да 76-50 эсебинде жеңиш менен аяктаган Фенербахче Алагөз Холдинг беттешти 106-57 эсебинде утуп алды.

Фенербахче тайпасында экинчи жеңишин алса, LDLC ASVEL Feminin экинчи жолу жеңилүү ызасын тартты.



Тектеш кабарлар