"Тордун султандары" үчүн олимпиада жолу ачык...

2024-жылкы Париж Олимпиада оюндарына тандоо оюндары эртең башталат.

2037683
"Тордун султандары" үчүн олимпиада жолу ачык...

Түркиянын кыз-келиндерден куралган волейбол боюнча командасы В тайпасында беттеше турган 2024-жылкы Париж Олимпиада оюндарынын тандоосунда өз тайпасында алдыңкы 2 орунду ээлесе, Францияда өтө турган Олимпиада оюндарына катышууга кепилдик алат.

А улуттук кыз-келиндер курама командасы таймаша турган 2024-жылкы Париж Олимпиада оюндарына тандоолор эртең башталат.

24-сентябрга чейин улана турган тандоо оюндары Япония, Кытай жана Польшада өтөт.

Ай-жылдыздуу команда Олимпиада жолунда Япониянын борбор шаары Токиодо ойноло турган В тайпасындагы беттештерден кийин түзүлө турган таблицада алгачкы 2 команданын арасында болууга аракет кылат.

В тайпасында Түркия дүйнөлүк рейтингде 7-орунда турган үй ээси Япония менен, дүйнөдө 5-орунда турган Бразилия менен бирге Бельгия, Болгария, Пуэрто-Рико, Аргентина жана Перу менен беттешет.

Тордун султандары эртең Олимпиада жолундагы биринчи беттешин Пуэрто-Рико менен өткөрөт.

Ай жылдыздуу команданын беттеши Түркия убактысы боюнча саат 07.00дө башталат.

Улуттук курама команданын Токиодогу Олимпиадалык тандоо турунда ойной турган оюндардын графиги (Түркия убактысы боюнча):

16-сентябрь:

07.00 Түркия-Пуэрто-Рико

17-сентябрь:

07.00 Түркия-Болгария

19-сентябрь:

07.00 Түркия-Перу

20-сентябрь:

07.00 Түркия-Аргентина

22-сентябрь:

10.00 Түркия — Бразилия

23-сентябрь:

13.30 Түркия—Япония

24-сентябрь:

10.00 Түрки — Бельгия



Тектеш кабарлар