Супер лигада сезон жыйынтыкталды
Галатасарай конокто TÜMOSAN Коньяспорду 3-1 эсебинде жеңип чемпиондукту алды.
Түркияда Трендёл Супер лигасында 2023-2024 сезону жыйынтыкталды.
Галатасарай конокто TÜMOSAN Коньяспорду 3-1 эсебинде жеңип чемпиондукту алды.
Сары-кызыл түстүү команда 102 упай менен лигада 24-ирет жеңишке жетишти.
Өз талаасында Стамбулспорду 6-0 эсебинде жеңген Фенербахче 99 упай менен лиганы экинчи орунда бүтүрдү.
Супер лигадан түшкөн 4- жана акыркы команда МКЕ Анкарагүжү болду.
Стамбулспор, VavaCars Фатих Карагүмрүк жана Силташ Япы Пендикспордон кийин конокто Трабзонспорго 4-2 эсебинде утулган MKE Анкарагүжү да лигадан түшүп калды.
Келээрки сезондо Түркияны Европада 5 команда коргойт.
Галатасарай менен Фенербахче УЕФА Чемпиондор Лигасынын тандоо оюндарына катышат.
лиганы 3-орунда аяктаган Трабзонспор менен Зираат Түркия кубогунун чемпиону Бешикташ УЕФА Европа лигасында беттешет.
Лиганы 4-орунда аяктаган РАМС Башакшехир УЕФА Европа Конференция лигасында Түркиянын атынан чыгат.