Түркия-Швейцария жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн кайрадан беттешет...

Мелдештин алдында Рейнмен, Рейхан Каража, Лара жана Рабия Тунчбилек концерт беришет.

2030493
Түркия-Швейцария жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн кайрадан беттешет...

2008-жылкы Европа футбол чемпионатында (EURO 2008) күч сынашкан Түркия жана Швейцария курама командаларынын оюнчулары жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн кайрадан беттешет.

Очогу Кахраманмараш болгон 6-февралдагы жер титирөөлөрдөн жабыркагандар үчүн уюштурула турган иш-чарада EURO 2008де өткөрүлгөн Түркия-Швейцария беттешинде ойногон улуттук футболчулар оюнга чыгат.

Мелдештин алдында Рейнмен, Рейхан Каража, Лара жана Рабия Тунчбилек концерт беришет.

9-сентябрь ишемби күнү Швейцариянын Лозанна шаарында өтө турган беттештен түшкөн каражат жер титирөө болгон аймактын инфраструктурасын калыбына келтирүүгө жумшалат.

Ошондой эле аймактын футбол инфраструктурасына жана объектилерин курууга артыкчылык берилет.



Тектеш кабарлар