Галатасарай атаандаш талаасында Жальгирис менен тең чыкты...

Галатасарай УЕФА Чемпиондор Лигасынын 2-Тандоо  турунун биринчи оюнунда Литванын командасы Жальгирис менен алардын талаасында 2-2 эсебинде тең чыкты.

2016196

Жальгирис 10 оюнчу менен бүтүргөн беттештин реванш беттеши 2-август шаршемби күнү Стамбулда ойнолот.

Борбор калаа Вильнюс шаарындагы болжол менен 5 миң кишилик LFF стадионунда ойнолгон беттештин биринчи жарымы голсуз аяктады.

Экинчи таймдын башында Галатасарай гол издеп жатып контрчабуул менен келген голдон артка түштү.

Тез өнүгүп жаткан Жальгирис чабуулунда Матиас Ойевуси 47-мүнөттө Виктор Нельсондун катасынан улам командасын 1-0 эсебинде алдыга чыгарды.

Оюнда үстөмдүк кылган сары-кызыл команда 75-мүнөттө Абдылкерим Бардакжынын жана 78-мүнөттө жаңы трансфер Халил Дервишоглунун голдору менен 2-1 эсебинде үстөмдүк кылды.

Кошумча убакытта алдыда болгон Галатасарай 90+1 минутада  Донатас Казлаускас киргизген голго тоскоол боло албай калып эсеп 2-2ге жетти.

Жальгиристе гол киргизгенден кийин кийимин чечкен Казлаускас экинчи сарыдан кызыл карточка көрүп, командасын 10 киши менен калтырды.

Калган убакытта эсеп өзгөрбөй, беттеш 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Оюндун жооптук беттеши 2-август шаршемби күнү Стамбулдагы RAMS Паркта болот.

Реванштагы жеңиш биздин сары-кызыл командабызга турдан өтүү үчүн жетиштүү болот.

Тектеш кабарлар