Эрдоган улуттук волейболчуларды куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган CEV Европа Алтын лигасында 3-жолу чемпион болгон Улуттук эркектер волейбол командасын куттуктады.

2004456
Эрдоган улуттук волейболчуларды куттуктады

2023-жылы Хорватияда өткөрүлгөн CEV Европа Алтын лигасынын финалдык төрттүк мелдешинин финалында эркектердин волейбол боюнча улуттук курама командасы Украинаны 3-2 эсебинде жеңип чемпион болду.

Бул жыйынтык менен Түркия уюмдагы 3-чемпиондугуна жетишти.

Улуттук курама 27-30-июль күндөрү Катарда өтө турган FIVB Challenger кубогунун финалында ойноого жолдомо алды.

FIVB Челленджер Кубогунда чемпион болгон өлкө 2024 FIVB Улуттар Лигасына (VNL) жолдомо алат.

Бир тараптан президент Режеп Таййип Эрдоган CEV Европа Алтын лигасында 3-жолу чемпион болгон Улуттук эркектер волейбол командасын куттуктады.

Президент Эрдоган Твиттердеги баракчасына билдирүү жасап: «СЕВ Европа Алтын Лигасынын финалында Украинаны 3-2 эсебинде жеңип, 3-жолу чемпиондук наамга ээ болгон биздин А Улуттук Эркектер Волейбол курама командабыз,«тордун мырзаларын» чын жүрөктөн куттуктайм»,-деди.



Тектеш кабарлар