Бильярд боюнча Европа чемпионатында алтын медаль...

Улуттук курама Испанияны 3-1 эсебинде жеңип, Европа чемпиону болду.

1974665
Бильярд боюнча Европа чемпионатында алтын медаль...

Антальяда өткөрүлгөн көркөм бильярд боюнча Европа чемпионатында улуттук курама алтын медалга ээ болду.

Белекте өткөрүлгөн чемпионатта көркөм улуттук командалар категориясында Хажы Арап Яман менен Барыш Жинден турган түрк курамасы финалда Испания менен беттешти.

Улуттук курама Испанияны 3-1 эсебинде жеңип, Европа чемпиону болду.

Көркөм улуттук курама команданын спортчуларынан Хажы Арап Яман, мурунку күнү жеке категорияда Европа чемпиону болгонун, бүгүн да команда катары чемпиондукту алганына кубанычта экенин айтып: «Бул менин экинчи Европа чемпиондугум. Буга чейин жекече Европа чемпиондугум бар эле. Азыр досум Барыш менен команда катары чемпиондукту жеңип алдык. Биз абдан кубанычтабыз. Бул ийгиликти өлкөбүзгө арнайбыз»,- деди.

18 өлкөдөн 500дөн ашуун спортчу катышкан бильярд боюнча Европа чемпионаты 16-апрелде жыйынтыкталат.



Тектеш кабарлар