Бешикташ жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн Атлетико Мадрид менен беттешет

Беттештин билеттери эртең сатыла тургандыгы билдирилди.

1971836
Бешикташ жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн Атлетико  Мадрид менен беттешет

Бешикташ клубу 6 - февралда Кахраманмарашта болгон жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн Испаниянын командасы Атлетико Мадрид менен достук  беттеш өткөрө турганын жарыялады.

Клубдун билдирүүсүндө: «Бешикташ 11 шаарда сезилген жер титирөөдөн жабыркаган жарандарыбыздын жараларын айыктыруу үчүн 12-апрель шаршемби күнү саат 20.30да Водафон паркында Атлетико Мадрид менен достук  беттеш өткөрөт",-  деп айтылды.

Беттештин билеттери эртең сатыла тургандыгы билдирилди. 



Тектеш кабарлар