Болгариядагы күрөш турниринде Түркиянын балбандары 9 медалга ээ болушту

Болгарияда өткөрүлгөн «Дан Колов-Никола Петров» турниринин үчүнчү күнүндө улуттук балбандар Ясемин Адар менен Ахмет Думан алтын медалга ээ болушту.

1955050

Аялдар 76 килограммда Ясемин Адар жана эркектер 57 килограммда Ахмет Думан атаандаштарын жеңип алтын медалга ээ болушту.

Турнирдеги улуттук спортчулардын медалдарынын саны да 9га көбөйдү.

Турнирдин экинчи күнүндө улуттук балбандар 7 медалга ээ болушту.

Грек-рим стилинде 55 килограммда Адем Бурак Узун алтын, 82 килограммда Бурхан Акбудак күмүш, 55 килограммда Ахмет Экрем Ташкыноглу жана 63 килограммда Мехмет Чекер коло медалга ээ болушту.

Эркин стилде 61 кг салмакта Режеп Топал  алтын, 70 кг салмакта Сервет Жошкун күмүш, 79 кг салмакта Рамазан Сары коло медаль менен турнирди бүтүрүштү.

Тектеш кабарлар