Жер титирөөдө каза болгон Танер Савуттун сөөгү жерге берилди

Савут үчүн Теология факультетинин Хажы Фатма Татари мечитинде жаназа намазы окулду.

1950286
Жер титирөөдө каза болгон Танер Савуттун сөөгү жерге берилди

Жер титирөө апаатында урандылардын астында калып каза болгон Хатайспордун спорт директору Танер Савуттун сөөгү Измирде жерге берилди.

Атакаш Хатайспордун ганалык футболчусу Кристиан Атсу да каза болгон жерде жашаган Танер Савуттун сөөгү аныкталгандан кийин Аданадан Измирге алып келинди.

Савут үчүн Теология факультетинин Хажы Фатма Татари мечитинде жаназа намазы окулду.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Савуттун бир тууганы Али Савут жана жакындарынан тышкары Атакаш Хатайспордун машыктыруучусу Волкан Демирел, техникалык директорлор Серкан Өзбалта, Мехмет Алтыпармак, Тургай Алтай, Хамза Хамзаоглу, Эрол Булут, ошондой эле футболчулар жана Савуттун достору катышты.

Футболдук карьерасын Измирспордо баштаган Танер Савут Фенербахче, Гөзтепе, Аланьяспор, Сакарьяспор, Сииртспор жана Токатспордо уланткандан кийин футболдон кеткен.

48 жашында дүйнө салган Танер Савут Аланьяспор, Маниса ФК жана Хатайспордо спорт директору болуп иштеген.



Тектеш кабарлар