Трабзонспор Базель менен беттешет

«Санкт-Якоб Парк» стадионунда Түркия убактысы боюнча саат 23.00дө баштала турган беттешти испаниялык калыс Антонио Матеу Лахоз башкарат.

1950332
Трабзонспор Базель менен беттешет

Түркиянын Трабзонспор командасы УЕФА Конференция лигасынын плей-офф турунун реваншында Швейцариянын Базель командасы менен атаандаштын талаасында беттешет.

Биринчи матчта 1-0 эсебинде жеңишке жетишип артыкчылыкка ээ болгон Трабзонспор атаандашын утуп, акыркы 16 команда ойной турчу беттешке жолдомо алууну максат кылууда.

«Санкт-Якоб Парк» стадионунда Түркия убактысы боюнча саат 23.00дө баштала турган беттешти испаниялык калыс Антонио Матеу Лахоз башкарат.

Кара деңиз командасы Базельди утуп алса 1281 күндөн кийин Европа кубокторунда атаандаштын талаасында жеңишке жетет.

2019-жылы 22-августта УЕФА Европа Лигасынын плей-офф турунда Грециянын AEK командасын 3-1 эсебинде жеңген Трабзонспор, андан кийин атаандаштын талаасында 9 беттеште 8 жеңилүү жана 1 тең чыгуу алган.


Этикеткалар: #испаниялык калыс

Тектеш кабарлар