Шахтер Донецктен Украина армиясына кайрымдуулук...

Клубдун жетекчиси Ринат Ахметов маалымат берди.

1933667
Шахтер Донецктен Украина армиясына кайрымдуулук...

Украинанын Премьер-Лига командаларынын бири Шахтер Донецк, Михайло Мудриктин трансферинен түшкөн кирешенин 25 миллион долларын Украина армиясына бергенин жарыялады.

Клубдун жетекчиси Ринат Ахметов, Англиянын Челси командасына 100 миллион евролук акы менен жөнөтүлгөн Мудриктин трансферинен түшкөн каражаттын бир бөлүгүнүн Орусия менен согушуп жаткан Украина армиясына бериле турганын маалымдады.

Ахметов: «25 миллион долларлык жардам аскерлерге, өлкөсүн коргогондорго жана үй-бүлөлөрүнө берилет. Бул жардам саламаттык сактоо, алдын ала дарылоо каражаттары сыяктуу маанилүү чыгымдарга да жумшалат»,-деди.

Кечээ "Челси" Донецктин "Шахтер" клубунда ойногон 22 жаштагы украиналык вингер менен 8,5 жылдык келишимге кол койгонун билдирген. 

Европа футболунун эң маанилүү жаш таланттарынын бири катары көрсөтүлгөн Мудрик бул сезондо клубдук карьерасында 18 матчта 10 гол киргизди.

Украинанын улуттук курамасында 8 оюнда ойногон вингер, Чемпиондор Лигасында болсо 6 оюнда 3 гол киргизип, 2 гол пас берген.



Тектеш кабарлар