Роналду "Аль Наср" менен биринчи машыгууда...

37 жаштагы футболчу, Түркияда да бир канча убакыт ойногон Абубакар, Талиска жана Луиз Густаво менен командалаш болуп калды.

1928154
Роналду "Аль Наср" менен биринчи машыгууда...

Криштиану Роналду Сауд Арабиядагы кол коюу аземинен кийин жаңы командасы Аль Наср менен биринчи машыгуусуна чыкты. Он миңдеген күйөрмандар Роналдунун машыгуусун көрүштү.

Роналду топту бутуна алган сайын трибунадагылар колдоп сүрөп турушту.

37 жаштагы футболчу, Түркияда да бир канча убакыт ойногон Абубакар, Талиска жана Луиз Густаво менен командалаш болуп калды.

Жылына 200 миллион доллар табаары айтылган жылдыздуу футболчунун кол коюу аземине 25 миң күйөрман катышты.

Ал арада Роналду Манчестер Юнайтедде ойноп жүргөндө башынан өткөн окуядан Сауд Арабияда да кутула алган жок.

37 жаштагы футболчу, Эвертон менен беттеш учурунда туннелди көздөй бара жатып атаандаш команданын күйөрманынын колун чаап алган.

Уюлдук телефону сынып калган күйөрман андан кийин Роналдунун кечирим суроосун кабыл алган эмес.

Бул окуя үчүн Роналду 2 оюнга четтетилген.

Португалиялык жылдыз, Юнайтедден кеткени менен жазадан кутула алган жок.

Роналду бүгүн ойноло турган жана бардык билеттери сатылып кеткен Аль Таи матчында, андан кийин Ал-Шабаб талаасында футбол ойной албайт.

Йылдыз ысым биринчи оюнун 21-январда Аль Иттифакка каршы ойнойт.



Тектеш кабарлар