А Улуттук курама УЕФА Улуттар лигасын жеңиш менен баштады

Стамбулда ойнолгон беттеште Женгиз Үндер, Халил Дервишоглу, Сердар Дурсун жана Мерих Демирал киргизген голдор менен матч 4-0 эсебинде ай жылдыздуу команданын артыкчылыгы менен аяктады.

1837826
А Улуттук курама УЕФА Улуттар лигасын жеңиш менен баштады
A Milli Takim-Faroe Adalari1.jpg
undefined

Улуттук футбол командасы УЕФА Улуттар С Лигасынын 1-Группасынын биринчи жумадагы беттешинде Фарер аралдарын 4-0 эсебинде жеңип, тайпадагы беттештерге лидер катары киришти.

Стамбулда ойнолгон беттеште Женгиз Үндер, Халил Дервишоглу, Сердар Дурсун жана Мерих Демирал киргизген голдор менен матч 4-0 эсебинде ай жылдыздуу команданын артыкчылыгы менен аяктады.

Улуттук курама тайпадагы биринчи беттешинде жеңишке жетип, 3 упайга ээ болду. Тайпадагы башка беттеште Люксембург конокто Литваны 2:0 эсебинде жеңди.

Түркия тайпадагы экинчи оюнун Литва менен 7-июнь шейшемби күнү конокто ойнойт, ошол эле күнү Фарер аралдары өз талаасында Люксембургду кабыл алат.



Тектеш кабарлар