Ясемин Адар бешинчи ирет Европа чемпиону...

Баш калаа Будапештте өткөрүлгөн чемпионаттын төртүнчү күнүндө Ясемин финалда эстониялык Эпп Маее менен беттешти.

1805363
Ясемин Адар бешинчи ирет Европа чемпиону...

Европа күрөш чемпионатынын аялдар арасындагы 76 килограмм финалдык мелдешинде түрк спортчу Ясемин Адар Йигит эстониялык Эпп Маэени 3-1 эсебинде жеңип алтын медалга ээ болду.

Баш калаа Будапештте өткөрүлгөн чемпионаттын төртүнчү күнүндө Ясемин финалда эстониялык Эпп Маее менен беттешти.

Атаандашын 3-1 эсебинде жеңген Ясемин карьерасында 5-Европа чемпиондугун жеңип алды.

Токио Олимпиадасында үчүнчү болуп түрк кыз-келиндер күрөшүндө жаңы жолду ачкан Ясемин, буга чейин 2016, 2017, 2018 жана 2019-жылдары Европа чемпиондугунда алтын медалга ээ болгон.

2017-жылы Франциянын борбор шаары Парижде өткөрүлгөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында да Йасемин Адар подиумдун эң жогорку тепкичине чыгып, атын түрк күрөш тарыхына жаздырган.



Тектеш кабарлар