Түркиянын волейбол боюнча улуттук курама командасынын атаандаштары...
Түркия В тайпасында Польша, Доминикан Республикасы, Түштүк Корея, Таиланд жана Хорватия менен беттешет.
1797723
Волейбол боюнча улуттук кыз-келиндер курама командасы Дүйнө чемпиондугунда В тайпасында күч сынашат.
Лозанна шаарындагы FIVB башкы кеңсесинде өткөрүлгөн чүчү кулак кармоонун жыйынтыгын боюнча Түркия В тайпасында Польша, Доминикан Республикасы, Түштүк Корея, Таиланд жана Хорватия менен беттешет.
FIVB дүйнө чемпионаты 23-сентябрдан 15-октябрга чейин Нидерландия менен Польшада өтөт.
Чемпионатта тайпаларга жараша өлкөлөрдүн бөлүштүрүлүшү:
А тайпасы: Нидерландия, Италия, Бельгия, Пуэрто-Рико, Камерун, Кения.
В тайпасы: Польша, Түркия, Доминикан Республикасы, Түштүк Корея, Таиланд, Хорватия.
С тайпасы: АКШ, Сербия, Германия, Болгария, Канада, Казакстан.
D тайпасы: Бразилия, Кытай, Жапония, Колумбия, Аргентина, Чехия.