Эжзажыбашы Динавит артыкчылыкка ээ болду...

Волейбол боюнча кыз-келиндер CEV кубогунун финалынын биринчи беттешинде Эжзажыбашы Динавит Германиянын Allianz MTV Stuttgart командасын жеңди

1796519
Эжзажыбашы Динавит артыкчылыкка ээ болду...

Волейбол боюнча кыз-келиндер CEV кубогунун финалынын биринчи беттешинде Эжзажыбашы Динавит Германиянын Allianz MTV Stuttgart командасын 3-1 эсебинде жеңди.

Катуу беттештин биринчи сетинде саргылт- ак түстүү команда 25-19 эсебинде жеңишке жетип, эффективдүү чабуулдары жана сервистери менен атаандаштарын артта калтырды.

Америкалык смачер Маккензи Адамс биринчи сетте сервистен 3 упай алып өзүн көрсөттү.

Экинчи сет бетме-бет упайлар менен башталса, капитан Тиьяна Босковичтин 13 упайлык салымы жетишсиз болуп, конок команда сетти 25-22 эсебинде утуп алды.

Өз ара упайлар менен башталган үчүнчү сетте Эжзажыбашы Динавит кайрадан башкарууну колго алып, сетти 25-20 алдыда бүтүрдү.

Капитан Боскович 12 упай топтоп сетти белгиледи.

Эжзажыбашы Динавит беттештин акыркы сетинде 25-17 упай менен 3-1 эсебинде жеңишке жетип, финалдык беттеште артыкчылыкка ээ болду.

Саргылт-актар ​​жалпысынан 8 сервис жана 10 блокто упайга ээ болушту.

Allianz MTV Stuttgart - Эжзажыбашы Динавит жооп беттеши 22-март шейшемби күнү Германиянын Штутгарт шаарында саат 21:00дө ойнолот.

 



Тектеш кабарлар