CAS Орусиянын арызын четке какты
Бул чечим менен орусиялык командалардын УЕФАнын мелдештерине катышууга тыюу салынышы бекитилген болду.
1796375
Спорттук арбитраждык сот (CAS) Орусиянын футбол федерациясынын УЕФАнын орус клубдарын жана улуттук курамаларын кийинки билдирүүгө чейин мелдештерге катышууга тыюу салуу чечимине каршы арызын четке какты.
Бул чечим менен орусиялык командалардын УЕФАнын мелдештерине катышууга тыюу салынышы бекитилген болду.
Орусиянын Украинага жасаган чабуулунан кийин УЕФА жана ФИФА орус командаларына эл аралык мелдештерге катышууга тыюу салган, Орусия болсо: "ФИФА менен УЕФАнын орус командаларын четтетүүгө негиздүү себеби жок. Орусиянын укуктары тебеленип жатат» деген билдирүүсү менен CASга арыз жазган.