Түркия-Гибралтар беттешинин билеттери сатылып бүттү...

Түркия менен Гибралтардын ортосунда 13-ноябрь ишемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 20.00да баштала турган беттеш ТРТ- 1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

1732373
Түркия-Гибралтар беттешинин билеттери сатылып бүттү...

Түркиянын А Улуттук футбол командасы 13-ноябрь ишемби күнү "Башакшехир Фатих Терим" стадионунда Гибралтар менен ойной турган 2022-жылкы Дүйнө Кубогунун тандоо оюндарынын G тайпасынын билеттери сатылып бүттү.

Түркиянын футбол федерациясынын билдирүүсүндө: "Стадиондун сыйымдуулугунун 100 пайызы үй ээси команданын көрүүчүлөрү үчүн тартууланган билеттер сатылып бүттү. Түркиянын Футбол федерациясы катары, 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун финалына бара жаткан жолдо А Улуттук курама командабызга теңдешсиз колдоо көрсөткөн бардык ай жылдыздуу күйөрмандарыбызга ыраазычылык билдиребиз»,-деген сөздөр айтылды.

Түркия менен Гибралтардын ортосунда 13-ноябрь ишемби күнү Түркия убактысы боюнча саат 20.00да баштала турган беттеш ТРТ- 1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар