Паралимпиадалык оюндарда Ковид-19

16 адамда Ковид-19 аныкталганы билдирилди.

1694321
Паралимпиадалык оюндарда Ковид-19

2020-жылкы Паралимпиадалык оюндарга аккредиттелгендердин арасында коронавируска (Ковид-19) кабылган адамдардын саны 74кө жетти.

Уюштуруу комитети эмки аптада баштала турган Паралимпиадалык-2020 оюндарынын алкагында кызмат кылган 16 адамда Ковид-19 аныкталганын билдирди.

Ушундайча 2020-жылкы Паралимпиадалык оюндарга аккредиттелгендердин арасында вирусту жуктургандардын саны 74кө жетти.

Вирус аныкталгандар карантинге алынды.

160 өлкөдөн жана аймактан 4400гө жакын спортчулар 22 тармакта күч сынаша турган Токио-2020 Паралимпиадалык оюндары 24-августтан 5-сентябрга чейин өтөт.

23-июлдан 8-августка чейинки Токио-2020 Олимпиадасына аккредиттелгендердин ичинен 544 адам вирус жуктурган.



Тектеш кабарлар