Түркия Европанын аялдар арасындагы волейбол чемпионатын жеңиш менен баштады...

Төртүнчү бөлүмдү 25-17 эсебинде уткан «Тордун Султандары» беттешти 3-1 эсебинде утуп алды.

1693886
Түркия Европанын аялдар арасындагы волейбол чемпионатын жеңиш менен баштады...

Түркиянын Аялдар улуттук волейбол командасы 2021 CEV Европанын аялдар арасындагы  волейбол чемпионатын жеңиш менен баштады...

Румыниянын Клуж-Напока шаарындагы BT Arena стадионунда матчты жакшы баштаган тарап кожоюн Румыния болду.

Румыния биринчи бөлүмдү 25-23 эсебинде алдыга чыгып, 1-0 эсебинде утуп алды.

Экинчи бөлүмдө Эбрар Каракурт менен ыңгайлуу ойногон ай-жылдыздуу команда 25-10 эсебинде утуп, абалды 1-1ге жеткирди.

Улуттук команда үчүнчү бөлүмдү 25-20 эффективдүү чабуулу менен жеңип, 2-1 эсебинде артыкчылыкка ээ болду.

Төртүнчү бөлүмдү 25-17 эсебинде уткан «Тордун Султандары» беттешти 3-1 эсебинде бүтүрдү.

Сербия, Румыния, Хорватия жана Болгария биргелешип уюштурган чемпионатты жеңиш менен баштаган улуттук команда, тайпанын экинчи оюнунда эртең Украина менен беттешет.



Тектеш кабарлар