Улуттук дзюдочулар үч медалга ээ болушту
Латвиянын борбору Ригада башталган Европа Өспүрүмдөр чемпионатында улуттук дзюдочулар үч медалды утуп алышты.
Латвиянын борбору Ригада башталган Европа Өспүрүмдөр дзюдо чемпионатында Зилан Эртем 40 килограммда күмүш, Нуртен Догрусой 44 килограммда жана Шейма Йылдырым 48 килограммда коло медалга ээ болушту.
40 кг салмакта Зилан Эртем биринчи турдан түз өтүп, чейрек финалда украиналык Мархарита Мирошниченкону иппон (3 шидо) менен утуп, жарым финалга чыкты.
Эртем бул турда венгер Сабина Шелечти алтын эсепте ваза-ари упайлары менен утуп финалга чыкты.
Финалда орусиялык Полина Яковенкого утулуп, Зилан күмүш медалдын ээси болду.
Нуртен Догрусой болсо 44 кг салмактагы алтын эсепте италиялык Аврора Платанияны ваза-ари упайы менен жеңип, коло медалга ээ болду.
48 кг салмакта Шейма Йылдырым коло медаль үчүн болгон мелдеште италиялык София Мазоланы жеңип, үчүнчү орунду ээледи.