Сүмеййе Бояжы коло медалга ээ болду

Португалияда өткөрүлгөн чемпионаттын 6-күнүндө улуттук спортчулар Сүмеййе Бояжы жана Севилай Өзтүрк 200 метрге эркин сүзүү боюнча финалда күч сынашты.

1643604
Сүмеййе Бояжы коло медалга ээ болду

Паралимпиадалык сууда сүзүү боюнча Европа чемпионатында улуттук спортчу Сүмеййе Бояжы аялдар арасында 200 метрге эркин сүзүү мелдешинин финалында коло медалга ээ болду.

Түркиянын Мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар федерациясынын билдирүүсүнө караганда, Португалиянын Мадейра аралында өткөрүлгөн чемпионаттын 6-күнүндө улуттук спортчулар Сүмеййе Бояжы жана Севилай Өзтүрк S5 категориясында аялдар арасында 200 метрге эркин сүзүү боюнча финалда күч сынашты.

Сүмеййе 3.22.48 көрсөткүчү менен үчүнчү болуп коло медалды алса, Севилай 3.28.71 көрсөткүчү менен төртүнчү орунду ээледи.



Тектеш кабарлар