Коронавирус Париждеги марафондорго да таасирин тийгизди
Парижде өткөрүлө турган эки маратон кечеңдетилди.
1373466
![Коронавирус Париждеги марафондорго да таасирин тийгизди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8c60/ffbc/f3c2/5e620fdec9c20.jpg?time=1718770121)
Парижде өткөрүлө турган эки марафон коронавирустан улам кечеңдетилди.
Уюштуруучу фирма Amaury Spor организациясынан берилген маалыматта Ковид – 19 эпидемиясынын коркунучтуу өлчөмгө жетиши менен Парижде 5 - апрелде өткөрүлүшү пландалган Париж Марафонунун 18 - октярбга жылдырылгандыгы белгиленди.
Маалыматта Парижде бул жуманын акырында өткөрүлүшү пландалган Harmonie Mutuelle Maratonuнун болсо 6 - сентябрга чейин кечеңдетилгендиги билдирилди.
Бир тараптан Италияда да жалпы өлкөдө эпидемиянын артышынан кийин 29 - мартта өткөрүлүшү пландалган Рим марафону да жоюлду.