Бешикташтын голу 90+5-мүнөттө кирди
Бешикташ Касымпашаны 3-2 эсебинде утту.
1319845
![Бешикташтын голу 90+5-мүнөттө кирди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1620/8f30/3201/5deddbcfb8044.jpg?time=1718863624)
Бешикташ Супер лиганын 14-аптадагы оюнунда Касымпаша менен атаандаш талаасында беттешти.
Беттешүүнү Бешикташ 3-2 эсебинде утуп алды.
Касымпашанын голдорун 28-мүнөттө Мустафа Пектемек жана 56-мүнөттө Фоде Коита киргизди.
Бешикташтын голдорун болсо 39-мүнөттө Жанер Эркин, 71-мүнөттө жана 90+5-мүнөттө Умут Найир киргизди.
Касымпаша 15-мүнөттө Карим Хафездин кызыл карточка алып оюндан чыгып калышынан кийин оюндун калганын 10 кишиси менен ойноду.
Бул жыйынтык менен бирге Бешикташтын жеңиш сериасы 6 оюнга жетти жана 27 упай топтоду.
Касымпаша болсо 12 упайда калды.