Түркиянын курама командасы эки даярдык оюнун ойнойт
EURO 2020га даярдыктарынын алкагында Словения жана Австрия менен атайын беттешүү уюштурулмай болду.
1317757
![Түркиянын курама командасы эки даярдык оюнун ойнойт](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/2cab/44a8/b9bb/5de791538086e.jpg?time=1718764548)
«А» улуттук курама футбол командасы EURO 2020га даярдыктарынын алкагында Словения жана Австрия менен атайын беттешүү уюштурмай болду.
Түркиянын футбол федерациясынын жарыясында улуттук курама команданын 2020-жылы 27-мартта Словения, 2020-жылы 30-мартта Австрия менен атаандаш талаасында беттеше турганы белгиленди.
Словения менен оюн Люблянада, Австрия менен болсо Венада ойноло турганы маалымдалды.
Даярдык оюндарынын башталыш убакыттары жана стадиондорунун болсо кийинчерээк белгилене турганы макулдашылган.