Түркиянын курама футбол командасы EURO 2020нын эки оюнун Азербайжанда ойнойт

Чүчүкулакка канагаттангандарын  билдирген азербайжандыктар сезимдерин социалдык медиа барактарынан бөлүшүштү.

1317027
Түркиянын курама футбол командасы EURO 2020нын эки оюнун Азербайжанда ойнойт

Түркиянын улуттук курама футбол командасынын EURO 2020нын «А» тайпасындагы атаандаштарынан Уэльс жана Швейцария менен боло турган беттешүүлөрүнө Азербайжандын Баку шаары кожоюндук кылат.

Финалга бараткан жолдо күчтүү колдоо көрсөткөн Түрк курама командасынын Бакуга келе турган болуусу өлкөнүн кожоюндук кылуу толкундануусун эки эсе арттырды.

Чүчүкулакка канагаттангандарын  билдирген азербайжандыктар сезимдерин социалдык медиа барактарынан бөлүшүштү.

Түрк жана азарбейжан күйөрмандары эки тараптуу колдоо билдирүүлөрүн жазышты.

Азербайжан чүчүкулак тартуу аземин Ичтимаи телеканалынан көрдү.

Чүчүкулак тартуу толкундануусун түшүндүргөн Ичтимаи телеканалынын диктору кыскача таң калуусунан кийин кубанычын бөлүшө кетти.

EURO 2020  оюндары өлкөдө ушул эле каналдан көрсөтүлөт.

 



Тектеш кабарлар