Түркиялык үч мушкер айым финалда
Орусиянын Улан-Удэ шаарында уланган мелдеште үч спортчубуз Бусе Наз Чакыроглу, Бусеназ Сүрменели жана Элиф Гүнери жарым финалга жогорулады.
Аялдар арасында Дүйнөлүк бокс чемпионаты Орусиянын Улан-Удэ шаарында өтүп жатат.
Орусиянын Улан-Удэ шаарында уланган мелдеште үч спортчубуз Бусе Наз Чакыроглу, Бусеназ Сүрменели жана Элиф Гүнери жарым финалга жогорулады.
Чейрек финал беттешүүлөрүндө 51 кг салмакта Бусе Наз Чакыроглу кытайлык атаандашы Зонгджу Цайды, 69 кг салмакта Бусеназ Сүрменели Ирландиядан Кристина Десмондду жеңди.
Жарым финалга аты жазылган берки мушкер болсо Элиф Гүнери болду.
Гүнери 82 кг салмакта немис атаандашы Ирина Николетта Шонбергерди жеңип алып үстүңкү турга атын жаздырды.
Шеннур Демир болсо 75 кг салмактын чейрек финалында марокколук атаандашы Хадижа Мардиге жеңилип турнир менен коштошту.
Чемпионатта жарым финал беттешүүлөрү эртең күндүз болот.
Тектеш кабарлар
"Тордун султандары" финалга катышууну гарантиялады...
Түркиянын курама командасы өткөн жылы FIVB Улуттар Лигасында чемпион болушкан.