Орусиянын допинг жазасы уланып жатат...

IAAF Орусиянын арызын четке какты.

1275470
Орусиянын допинг жазасы уланып жатат...

Эл аралык жеңил атлетика федерацияларынын ассоциациясынан (IAAF) орустарга жаман кабар...

IAAF Орусиянын атлетика федерациясынын каршы чыгууларын он экинчи жолу четке какты.

Билдирүүдө Орусиянын системалуу допингдин себебинен Катардын баш калаасы Дохада өтө турчу быйылкы Дүйнөлүк атлетика чемпионатына катыша ала албай тургандыгы белгиленди.

Чечимге караганда, Допингди иликтөө мекемеси уруксат берген атлеттер чемпионаттарга «тарапсыз спортчу» катары катыша алышат.

Орусиялык спортчулар буга чейин 2016-жылдагы Рио оюндары, 2017-жылдагы Дүйнөлүк атлетика чемпионаты, 2018-жылдагы Европа атлетика чемпионатында өлкөсүн өкүлдүк кыла алган эмес.



Тектеш кабарлар