Түркия Польшада 8 медалды багындырды

Түркиялык балбандар эл аралык турнирге катышышты.

1248059
Түркия Польшада 8 медалды багындырды

 

Улуттук балбандар, Польшадагы турнирде 8 медалга ээ болушту.

Дүйнө чемпионатына даярдыктар уланып жатканда Түркиянын грек-рим жана эркин күрөш боюнча улуттук курамасы, Польшанын баш калаасы Варшавада уюштурулган Эл аралык Ziolkowski-Pytlasinski турнирине катышты.

Улуттук күрөшчүлөр эркин стилде 3 алтын жана 1 коло медаль, грек-римде болсо 2 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медалга ээ болушту.

Түркия командалар арасында грек-римде экинчи, эркин стилде болсо үчүнчү орунду ээледи.

Эркин стилде 70 килограммда Хайдар Явуз, 74 килограммда Якуб Гөр, 92 килограммда Сулейман Карадениз алтын, 86 килограммда Фатих Эрдин коло медаль тагынды.

Грек-рим стилинде 77 килограммда Фатих Женгиз алтын, 82 килограммда Бурхан Акбудак алтын, Салих Айдын күмүш, 63 килогарммда Мехмет Чекер коло медалга ээ болду.



Тектеш кабарлар