Тхэквандодо Ирем Яман менен Нафиа Куш алтын медалды багындырды
62 килограммда финалда жарышкан Ирем Яман орусиялык Юлия Турутинаны жеңип алтын медалды багындырды.
1234918
![Тхэквандодо Ирем Яман менен Нафиа Куш алтын медалды багындырды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/cf43/6021/e434/5d282aaeda7c5.jpg?time=1718874629)
Улуттук тхэквандочулар Ирем Яман менен Нафиа Куш 30 - дүйнөлүк университеттер жайкы спорттук оюндарында тхэквандодо алтын медалга жетишти.
Италиянын Наполи шаарында болуп жаткан оюндарда аялдар 62 килограммда финалда жарышкан Ирем Яман орусиялык Юлия Турутинаны жеңип алтын медалды багындырды.
Аялдар 73 килограммда жарышкан Нафиа Куш болсо финалда түштүк кореялык Dohee Yoonду жеңип алтын медалга жетишти.