Британия жарым финалда
ФИФА аялдар дүйнөлүк кубогунун чейрек финал теңдешүүлөрүндө биринчи оюнда Британия Норвегияны 3 – 0 эсебинде жеңип жарым финалга чыкты.
ФИФА аялдар дүйнөлүк кубогунда Британия жарым финалда...
ФИФА аялдар дүйнөлүк кубогунун чейрек финал теңдешүүлөрүндө биринчи оюнда Британия Норвегияны 3 – 0 эсебинде жеңип жарым финалга чыкты.
Франциянын үй ээлигинде бул жылы 8 - өткөрүлгөн жана 7 -июлда аяктай турган турнирдин чейрек финалында Британия менен Норвегия беттешти.
Ле Хавре шаарындагы "Океан" стадионунда өткөн оюндун биринчи жарымында Британия Джил Луиз Скотттун 3 -минутада жана Эллен Тони Уайттын 40 - минутада киргизген голдору менен биринчи жарымды 2 – 0 эсебинде алдыда аяктады. 50 - минутада Лусиа Бронзенин киргизген голу менен Британия Норвегияны 3 – 0 эсебинде жеңди.
Британияда Никита Паррис 83 -минутада пеналтыны качырды. Британиянын жарым финалдагы атаандашы бүгүн Түркия убактысы боюнча саат 22:00дө ойной турган Франция- АКШ оюну менен белгилүү болот.
Тектеш кабарлар
"Тордун султандары" финалга катышууну гарантиялады...
Түркиянын курама командасы өткөн жылы FIVB Улуттар Лигасында чемпион болушкан.