Түркиянын курамасынын «Н» тайпасындагы биринчи жеңилүүсү

Оюндун экинчи жарымында үстөмдүгүн көрсөткөн Түркиянын «А» улуттук курама командасы бир канча гол позициясына ээ болсо дагы андан пайдалана алган жок.

1216929
Түркиянын курамасынын  «Н» тайпасындагы биринчи жеңилүүсү
2019_06_euro2020_1.jpg
thumbs_b_c_d3ccef0d2b5e319697ba0f9e713a8aa9.jpg

Европа Футбол чемпионаты 2020нын тандоо оюндарынын «Н» тайпасындагы төртүнчү беттешүүдө Түркиянын «А» улуттук курама футбол командасы атаандаш талаасында Исландияга 2-1 эсебинде утулду жана 2019-жылдагы алгачкы жеңилүүсү болду.

Лаугардалсвөллур стадионунда ойнолгон оюнга тайпада ээ болгон 3 жеңиши менен курама команда алдыда баштады.

21-мүнөттө Рагнар Сигурдссон Исландиянын биринчи голун киргизди.

Көп өтпөй үй кожоюну Исландиянын футболчусу Рагнар Сигурдссон, баш менен өзүнүн жана командасынын экинчи голун киргизди; эсеп 2-0 болду.

«А» улуттук курама команда 40-мүнөттө Дорукхан Токөздүн баш менен киргизген голу менен оюнду 2-1 эсебине түшүрдү.

Оюндун экинчи жарымында үстөмдүгүн көрсөткөн Түркиянын «А» улуттук курама командасы бир канча гол позициясына ээ болсо дагы андан пайдалана алган жок.

Оюн 2-1  бойдон бүттү, 9 баллы менен калган Түркиянын «А» улуттук курама футбол командасы тайпадагы алдыңкы орунду Францияга алдырып койду.

Исландия болсо 9 балл менен үчүнчү орунду алды.



Тектеш кабарлар